Kyrgyz (CIS)English (United Kingdom)Russian (CIS)Polish (Poland)

Тогуз коргоол тууралуу легенда

image

Жолоочулар төөлөрүнүн үстүна ар түркүн нерселерди жүктөп алып кетип бара жатып бир жерге түнөөгө мажбур болушуп конуп калышат экен. Эки чоң нар төөнү жүгү менен ортого коюп, калгандарын тегерете уктап калышат. Эртеси баягы кетип бараткан жолун андан ары улантып кетишет. Кокусунан өтүп бара жаткан башка  жолоочулар жакшылап көз жүгүртүшсө эки тарабы тогуздан он сегиз, ортосунда эки чоң төө жаткан орундар жерге чөгүп кетиптир. Төөлөр жаткан чуңкурларга төөнүн коргоолдору кургак болуп катып калыптыр. Окуяга кабыл болгон жолоочулардын бири ойлонуп олтуруп ушул оюнду ойлоп чыккан деген пикирлер да бар. Төөнүн кыгын да коргоол дешет, ошондуктан оюндун аты тогуз коргоол деп аталып калган деген бир имиш бар.